Бүгүнтөн баштап республиканын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу жана биринчи тур башталганын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, биринчи тур 8-июлдан 10-июлга чейин болот. Бул убакыт аралыгында ОРТ жыйынтыктарынын талондору чогултулат. 11-июлда саат 10го чейин сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган абитуриенттердин тизмеси жарыяланат. 11-июлдан 13-июлга чейин абитуриенттерге жогорку окуу жайына катталууга ойлонуу убактысы берилет.
Кабыл алуу кампаниясынын экинчи туру 15-июлдан 17-июлга чейин болот. 18-июлда саат 10.00дө сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган абитуриенттердин тизмеси илинет. Аларга жогорку окуу жайында билим алууга каалоосун тастыктоого 20-июлга чейин убакыт берилет.
3-тур 22-июлдан 24-июлга чейин болот. 25-июлда саат 10.00го чейин сынакка кирүүгө уруксат алган абитуриенттердин тизмеси илинет. Алар 27-июлга чейин окуу жайда билим алууну ойлоно алышат.