Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде процесс жүрүүдө.
Айыпталуучу Мелис Калыковдун эжеси Дарыйканын айтымында, милициялардын айыпталуучуну кыйноого алганы боюнча иш сотко берилди. Арыз Кадамжай райондук сотуна берилгендиктен Калыковдун туугандары иш аталган райондук сотко өткөрүлүп берилишип суранышкан.
Ал эми милиция кызматкерлери Калыков Мелисти сабашпаганын айтышууда. Алар айыпталуучу жасаган кылмышын өзү моюнуна алганын билдиришкен.
Кыйноого каршы Борборунун адистери уруп-сабоо болгонун аныкташкан. Материал кылмыш ишине тиркелген.