УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинованын маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, мурдагы чекисттин акыбалы жакшыра элек. Ага химиотерапия жардам бербей калгандыктан, жакын арада операция жасоо пландалууда.
Анын айтымында, Суталиновго шишикти жана боордун 60 пайызын алып салуу үчүн операция жасалат. Операция үчүн бир катар текшерүүдөн өткөн. Дарыгерлердин айтымында, алынып салынган бөйрөктүн ордуна кайрадан чыккан шишик менен чогуу боордун 60 пайызын алуу зарыл.
“Аны эркиндикке чыгарбай отурушкан убакта шишик бир топ чоңойуп, жаңы метастаздар пайда болгон. Ошондуктан, химиотерапия азыр жардам бербей калды”, - деп айткан УКМКнын мурдагы төрагасынын жубайы.