Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манас Арабаев үй камагына чыгарылды. Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карады.

 

 Манас Арабаев 2-июнда камакка алынган. Анын Атамбаевдин бийлиги учурунда соттордун чыгарган чечимдерине кийлигишип, көрсөтмө берип тураары айтылган. Учурда “коррупция” беренеси боюнча шектелип жатат.

 

Ошондой эле, ал сурак учурунда Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө бергени айтылууда.