Абактагы экс-башпрокурор Аида Салянованын аталаш агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө  АКШ саясий башпаанек берди.  Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакындары билдиришти. 

 

Анда айтылгандай, Американын Миграциялык соту арыз берген адамдын далилдерине ынанган. Кыргызстанда бийликтин оппоненттерине саясий куугунтук болушу мүмкүндүгүн эске алган.  Сот Аида Жеңишбековнанын Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө коррупциялык схеманын бетин ачканы үчүн куугунтукталып, акырында  соттолгонун тааныды.  

 

 

Эске салсак, Калыбек Элтуйбасов 20 жаштагы студент кыз  Камила Дүйшебаеванын өлүмүнө катыштыгы бар деген жүйө менен кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Алгач күбө катары, андан ары тергөөгө тоскоол кылганы үчүн издөөгө алынган. Кийинчерээк ал АКШдан кармалганы айтылган.