Жумуш, карьера. Июль айында жеке иштериңизге көбүрөөк көңүл бөлүңүз. Анпесеңиз эски достор, кесиптештер же кызмат абалындагы адамдар тарабынан көйгөй жаралат. Башка шаардык өнөктөштөр, текшерүү же укук коргоо органдары тараптан күтүлбөгөн маселелер жаралат. Даяр болуңуз. Бул козголгон суроолор кийин дагы бир жолу кайталанышын эстен чыгарбаңыз. Кесиптик иштериңиз жай темп менен жылып жатса капаланбаңыз. Күзгө маал баары сиз ойлогондой болот.
Акча. Акча иштери ойлонууну талап кылат. Сарптоолор көп болуп, кирешенин булагы бир аз азаят.
Сүйүү, үй-бүлө. Жеке турмушуңузда айрым төп келбестиктер байкалат. Өткөн айларда таарынышкан учурларды эстебегенге аракет жасаңыз. Сүйгөнүңүздөн да ошону талап кылыңыз. Сүйгөнүңүзгө же балдарыңызга байланыштуу маселе жаралышы мүмкүн. Туугандарыңыздын бирөөсү менен айдын орто чендеринде күтүүсүз жерден уруша кетесиз. Буга ортодогу эски карыз же кайсы бир милдеттенме себеп болушу мүмкүн.
Ден-соолук. Июль айында энергетикалык абалыңыз жогору. Ошентсе да жолдо жүрүүдө, унаа ашкарууда сак болуңуз.
Турмуштун башка тармактарында да кырсыкка кабылчу күндөр бар алар: 5инен 15-июлга жана 27синен 30-июлга чейин. Андыктан сак болуңуз.
Жанар Кадыралиев
Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.