Жумуш, карьера. Көзөмөл органдарына же юридикалык органдарга иши түшүп калган Суу куярлар бул айда көп убаракерчилик тартышат. Акылга калчап иш алып барыңыз. Досторуңуз же кызмат абалындагы адамдар менен болгон алакалар акырындап өз нугуна түшө баштайт. Айрыкча июлдун этеги же август айында бул маселе жакшы чечилет.
Акча. Жумуштагы, башка тармактардагы салгылашууларга карабастан сизге бул айда акча агылып келип турат десек жарашат. Аракетти тездетиңиз. Элдеги карыз акчалардын да колго тийиши күтүлүүдө.
Сүйүү, үй-бүлө. Жакындарыңыз менен сиздин ортоңузда таарынычтардын болушу күтүлүүдө. Чарба иштерин, жашоо шарт суроолорун чечүүдө келишпестиктер жаралат.
Ынтымактуу жубайлар кыймылсыз-мүлк, ремонт иштерин бүтүрүү менен алек болушат.
Сүйүшкөндөр бул айда каалагандай жолугуша алышпайт, тоскоолдуктар көп болот.
Ден-соолук. Эски оорулардын кайталанышы жана аларды тез арада дарылоо зарылчылыгына дуушар болосуз. Андан сырткары жакындарыңыздын да ким бирөөсү сыркоолоп калышы мүмкүн. Эске алып сак болуңуз.
Жанар Кадыралиев
Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.