Бишкектеги ЦУМдун жанында Нигериянын жараны Али Абубакир ооруканада көз жумду.
2-июлда көчөдөн оор абалда жаткан чет өлкөлүккө өтүп бараткандар жардам беришип, тез жардам чакырышкан. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Иликтей келгенде, жабырлануучу Нигериянын жараны, Бишкектеги тил мектебинин директору экени аныкталган.
Премьер-министр Абылгазиев чет өлкөлүктү сабаган шектүүнү тез арада кармоону тийиштүү кызматтарга тапшырган. Кечээ, 4-июлда шектүү кармалып, ал 21 жаштагы жаран болуп чыкканын Бишкек ШИИБи кабарлаган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда.