Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген ката жазылган аттестаттар боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, факт КР Кылмыш кодексинин “Коммерциялык жана башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

 

Билдиришкендей, 2019-жылы мектепти аяктаган өлкөдөгү бардык бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттардан ката табылган. 95 миң документтен “жөнүндөгү” деген сөз “н” тамгасынын ордуна “ң” тамгасы жазылып, “жөнүңдөгү” болгону аныкталган. Дагы бир ката Нарын облусунун Туз айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттан табылган, анда “реднюю” деген ашыкча сөз кошулуп калган. Тагыраак айтканда “среднюю реднюю школу” деп жазылган.

 

Финпол бул боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кабарлады.