Жумуш, карьера.  Өнөктөштөр менен болгон курч суроолор дагы да чечилбей кала бермекчи. Бири-бириңе сыр бергиңер келбейт, бирок окшобойт. Маселени жакшы чечүү үчүн тил табышууга аракет жасоо керек. Алыскы шаарда жашаган өнөктөштөр же көзөмөл органдары менен мамиле жөнгө салына баштайт.

 

Акча. Каржы жааты стабилдүү болбойт. Акчага үнөмдүү болуңуз. Июлдун алгачкы күндөрү чоң суммадагы акчанын сарпталышы күтүлүүдө.

 

Сүйүү, үй-бүлө.  Көптөн бери чырлашып келген жубайлар бул айда ачык согушка чыгышат. Болбогон майда нерселерден чоң жаңжалдар чыгат. Ортого түшкөн туугандардын таасири убактылуу гана. Алар кетээри менен чыр кайрадан башталат. Балдарыңызга же сүйгөнүңүзгө байланыштуу маселе жаралат. Бул нерсени чечүү үчүн көп эле суммадагы акчаларды жумшайсыз. Сүйүшкөндөрдүн таарынычы 5инен 13-июлга чейин катуу күчөйт.

 

Ден-соолук.  Энергетикалык абалыңыз анчалык эмес. Андыктан бардык көйгөйлөрдү унутуп, ден-соолук жөнүндө гана ойлонуңуз.

 

 

Жанар Кадыралиев

Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.