Жумуш, карьера. Айрым өнөктөштөр менен болгон акча, буюмга байланыштуу нерселер дагы да көйгөй жаратат. Кайсы бир учурда аргасыз акча чыгарууга мажбур болосуз. Айдын баш чендери башка шаардык өнөктөштөр же текшерүү органдары тараптан күтүлбөгөн көйгөйлөр жаралат. Кызматта иштеген адам болсоңуз эмгек өргүүсүн алып чарба, үй-бүлөлүк суроолорду чечүүгө аргасыз болосуз.
Акча. Бул ай акча жаатында анчалык жакшы болбойт. Сарамжалдуу болуңуз. Чыгымдар көбөйүп, кирешелер азайганын байкайсыз. Ошого карабастан жер тилкеси же кыймылсыз мүлккө байланыштуу аракеттерден улам пайда табышыңыз мүмкүн. Ата-энеңиз же жакындарыңыз тараптан колдоо болот. Кредит алуу үчүн жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт. Бирок документтерге, процентке так жана этият болуңуз.
Сүйүү, үй-бүлө. Жубайыңыз менен болгон түшүнбөстүктөр мезгил-мезгили менен күчөп турат. Илгерттен урушуп келген жубайлар үй же кайсы бир буюмдарды тең бөлүшө албай убара болушат. Ынтымактуу үй-бүлөлөр чарба, ремонт жана башка көп түйшүктөр менен алек болушат. Чарчап-чалыгуулар болот. Кайын журт, алыскы жек-жаатар менен пикир келишпестиктер орун алат. Сүйүшкөндөрдүн ортосундагы мамиле бир аз солгундайт. Же сүйүктүү адам менен каалаган учурда жолугуша албай калышат.
Ден-соолук. Июль айында энергетикалык абалыңыз анчалык эмес. Андыктан ден-соолукка көңүл буруңуз. Айдын алгачкы күндөрү жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз.
Жанар Кадыралиев
Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.