Жумуш, карьера.  Айдын биринчи он күндүгүндө айрым өнөктөштөрдүн бут тосууларына дуушар болушуңуз мүмкүн. Жумушту жакшы аткаргыңыз келет, бирок алар сизди көрө албагандай мамиле жасашат. Ушул эле учурда атаандаштар да сизге каршы иштешет. Август айында көпчүлүк иштериңиз алга жыла баштайт. Жакындарыңыз сиз менен сыймыктанышат.

 

Акча.  Айдын этек чендерине жакын акча көбүрөөк келе баштайт. Чоңураак сумманы 21- 27-июлда күтүүгө болот.  Ошондой эле 13, 14-июль күндөрү да акча тийиши күтүлөт.

 

Сүйүү, үй-бүлө.  Жеке турмуштагы маселелер дагы да уланууда. Туугандар менен болгон мамиле али да чыңалуу абалында.  Айдын орто чендери чыр чыгышы мүмкүн. Июль айында балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Бул нерсе өз кезегинде үй-бүлөлүк маанайды өйдө көтөрөт.

 

Ден-соолук.  Энергетикалык абалыңыз жогорку деңгээлде. Өзүңүздү жакшы сезесиз. Бирок 7синен 15-июлга чейин сапарга чыгуудан баш тартканыңыз оң. Ай ичи унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө сак болуңуз.

 

 

 

Жанар Кадыралиев

Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.