Жумуш, карьера.  Өз жумушун сүйгөн Таразалар июль айын активдүү иштеп өткөрүшөт. Активдүү эле иштебестен, активдүү күрөш да жүргүзүшөт. Атаандашуу духу күчөйт. “Өткөн айлардын көйгөйлөрү толугу менен бүттү” деп айтуу кыйын. Айрымдары дагы кайталанат. Эске алыңыз. Башка шаардык өнөктөштөр, көзөмөл органдарына байланыштуу суроолор айдын акыр чендери жакшы чечилет. Бул нерселерди чечүүдө достор, кесиптеш же чоң кызмат абалындагы кайсы бир адамдар жардам берет. Кол алдыңызда иштеген кесиптештер менен алака жакшырып, айрым иштерди жөнгө саласыз.  

 

Бирок жалпы менчик, жер тилкеси же ири кыймылсыз-мүлккө байланыштуу талаш-тартыш суроолор али тез чечиле койбойт. Мунун толук чечилиши үчүн дагы 1.5 жыл керек. Ошондо гана чечилет.

 

Акча.  Капчыкты даярдап коё берсеңиз болот. Бул айда колуңузга жакшы эле акчалар келип түшөт. Бирок айдын баш чендери колуңуздан чоңураак сумманын чыгышы күтүлүүдө.

 

Сүйүү, үй-бүлө.  Үй-чарба иштерине, жашоо тармактарына көңүл бөлүп баарын бүтүрүп салгыңыз келет. Бирок баары эле шыдыр бүтүп кетпейт. Өз балдарыңызга же сүйгөн адамыңызга байланыштуу маселе жаралышы мүмкүн. Ал нерсени чечүү үчүн дээрлик сумма сарпталат. Туугандар менен алакалар жөнгө салынат. Таарынычтар жазылат.

 

Ден-соолук.  Июль айында өзүңүздү жакшы сезесиз. Көңүлүңүз көтөрүңкү абалда болот.

 

 

 

Жанар Кадыралиев

Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.