Жумуш, карьера. Өнөктөштөр менен болгон келишпестиктер бул айда аз да болсо жөнгө салынат. Муну жөнгө салууда жакын санаалаштар же кайсы бир таасирдүү адам өз жардамын берет. Аларды ортого салыңыз. Жумуштар тез эмес, акырындап жылат. Көзөмөл органдары, бөтөн шаардык өнөктөштөр менен алака кылууда алардын бут тосуусуна кабылышыңыз мүмкүн. Абайлаңыз. Жумушта маселе жаралса досторго кайрылыңыз. Алар сизге жаңы жумушка орнотууга же маселени чечүүгө жардам берет.
Акча. Бул айда акча сарптоолор көп болот. Сарптоолор жумушка эле эмес, жеке иштериңизге, балдарыңызга жумшалат.
Сүйүү, үй-бүлө. Сүйүшкөндөр дагы да болсо тил табыша албай жаткан учур. Сүйүүнүн андан ары уланышын кааласаңар курулай принциптерге туура бериштин кереги жок. Жумшак болуңуз. Ынтымак үй-бүлөлөр өздөрүнүн же балдарынын там-ташын оңдоо, ремонт иштери менен алек болушат.
Ден-соолук. Июль ичи энергетикалык абалыңыз жогорку деңгээлде. Өзүңүзгө ишенип алдыга карай жыла бериңиз.
Жанар Кадыралиев
Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.