Мурдагы президент Атамбаев кечээ, 3-июлдагы митингге колдоп-коштоп чыгып берген тарапташтарына кайра-кайра ыраазчылык билдирди эле. "Менин элим бар мени колдоп турган, мени коргой турган", - дегенди айтып, бийликке эмне кыла аласың дегендей кылган. Бирок, бул видеодон кийин мурдагы президенттин тарапташтары тырмакчанын ичиндеги "тарапташтар" экени белгилүү болду. Ал жерге чыккандар чыгып, элдин караанын көбөйтүп бергени үчүн миң сомдон алышкандай.