Жумуш, карьера. Өткөн айдын көйгөйлөрү бул айда дагы уланбасын десеңиз бир сырдуу, токтоо болуп иш алып барыңыз. Адамдарга мүнөзүңүздү көрсөтүү июль айында зыянын гана тийгизбесе, пайдасын тийгизбейт. Жетекчилик, өкмөт адамдарына август айына чейин ишенбей эле койгонуңуз оң. Терс жооп алып каласыз. Текшерүү иштериби, юридикалык көйгөйбү же башка маселе кыйнайбы, канткен ченде да лом издебей, ачкыч издеңиз.
Акча. Каржы жаатын стабилдүү болот деп айтуу кыйын. Андыктан сарамжалдуу болуңуз. Чоң суммадагы акчаларды күз айларында гана күтүңүз.
Сүйүү, үй-бүлө. Жакындарыңыз бири кыйын кезеңге туш болгонун байкайсыз. Анын ден-соолугу же кайсы бир маселеси оорчундуу нерсеге айланат. Сиз жардам бериңиз. Ыраазылык сизге азыр болбосо да, кийин сөзсүз кайтат. Сүйүшкөндөр абайлагыла! Кайсы бир жашыруун сырыңар ачыкка чыгат. Ушак-айыңга туш болосуңар. Аз сүйлөө сунушталат.
Ден-соолук. Жумушта же жеке турмушунда көйгөйү жок Арстандар үчүн ден-соолук жагы проблема жаратат. Андыктан билимдүү дарыгерди алдын-ала даярдап коюңуз.
Жанар Кадыралиев
Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити