Жумуш, карьера. Өткөн айдын суроолору бул айда дагы кайталанат. Акча иштерин уюштурууда чыдамкайлык көрсөтүңүз. Кайсы бир күтүлбөгөн нерселерге дуушар болосуз. Бөтөн шаардык адамдар менен мамилелер курчуйт. Текшерүү учурунда маселе жаралбасын десеңиз тиешелүү документтерди бир ирет текшерип коюңуз. Кесиптештер менен баарлашууда кыраакы болуңуз. Маанилүү нерселерди баарына айта бербей сыр тутуңуз. Интригалар жүрүшү мүмкүн, андыктан сак болуңуз.
Акча. Мурда жасаган чоң иштериңиз аркылуу гана акча келиши мүмкүн. Андыктан эске алыңыз. Башка тараптан үмүт кылбаңыз.
Сүйүү, үй-бүлө. Түгөйлөргө акча, буюм маселесин чечүүдө токтоолук сунушталат. Акылга калчап иш алып барсаңыз, жеңиш сиз тарапта болот. Туугандарыңыз менен түшүнбөстүктөр болот. Алардын бирөөсүндө көйгөй жаралышы күтүлүүдө. Балким ооруп калышы да мүмкүн. Кандай маселе жаралса да акчалай эмес, моралдык жардам көрсөтүп койсоңуз болот. Сүйүшкөндөрдү ийгилик күтүүдө, сүйүүлөр күчөйт. Бойдок болсоңуз үйлөнүү жөнүндө сөздөр жүрөт.
Ден-соолук. Ден-соолукка аяр мамиле жасоого туура келет. Айрыкча ашказан, ичеги-карын оорулары менен ооругандар абайлоо керек. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз.
Жанар Кадыралиев
Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити