Жумуш, карьера. Жумушуңузда айрым чыңалуу абалдары байкалат. Сиз күткөн нерселер бир аз кечеңдөө менен ишке ашып жатса капаланбаңыз. Кийинки айлардан баары акырындап өз калыбына түшө баштайт. Башка шаарда жашашкан өнөктөштөр менен болгон алакалар мурдагы бойдон калууда. Өз ара түшүнүшүп кетүү кыйынга турат.
Документ, иш-кагаздарына өзгөчө так болуңуз. Антпесеңиз айрым көйгөйлөрдүн келип чыгышы турган сөз. Эң негизкиси шашылыш чечим кабыл албаңыз.
Акча. Сизде каржы маселеси мурдагы айдагыдай эле, акчалардын келиши кечигүү менен келет. Ошондуктан сарамжалдуулук кылып белгилүү бир сумманы үнөмдөп каласыз. Бул туура нерсе. Айдын алгачкы күндөрү азыраак суммада акча аласыз. Ушул сумма сизди ай ичи толук камсыздайт деп санашат жылдыздар.
Сүйүү, үй-бүлө. Жакындарыңыз менен баарлашууда токтоо болуңуз. Пикир келипестиктердин келип чыгышы күтүлүүдө. Кайсы бир учурда туугандардын бирөөсүндө маселе жаралышы мүмкүн. Колдон келсе ортого түшүп жардам берип коюңуз. Андан сырткары үй-тиричилик иштери бир топ энергияңызды алат. Баштап алган ремонт иштери, чала калган иштерди аягына чыгаруу маселеси эсиңизди эки кылат. Өткөн айда кырчылдашкан сүйүшкөндөр, бул айда өз ара тил табышууга аракет жасашат. Ошол убакта эмнеге таарынычтар болгонун тактабай эле койгонуңуз оң.
Ден-соолук. Бул айда энергетикалык абалыңыз жогору болот. Ошентсе да жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда мурдагыдай сак болуңуз.
Жанар Кадыралиев
Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити