Жумуш, карьера. Көпчүлүк иштериңиз ордунан жылбай, токтоп калганын байкайсыз. Капаланбаңыз бул нерсе убактылуу гана көрүнүш. Дагы 1-1.5 айдан кийин баары өз нугуна түшөт. Өкмөт ишинде иштеген адам болсоңуз, жумушту которсомбу деп ойлоносуз. Эгер которсоңуз бул нерсе күзгө жакын ишке ашат. 

 

Акча. Каржы жаатын стабилдүү болот деп айтуу кыйын. Тынымсыз чыгымдар болуп турат. Бул чыгымдар көбүнчө үй-бүлөлүк керектөөлөргө жана балдарыңызга жумшалмакчы.

 

Сүйүү, үй-бүлө.  Июль айында чарба иштерине көбүрөөк көңүл бөлөсүз. Ремонт, ал тургай курулуш иштерине да бой ташташыңыз мүмкүн. Бул жумуштурга жакындарыңыз менен жапа-тырмак киришесиңер. Балдарыңыз кубаныч гана тартуулабастан, акчаңызды да жакшы коротушат. Айдын этек чендери сапарга чыгасыз. Туугандарыңыздыкына конокко барасыз же ата-энеңизден кабар алып келесиз. Эски тааныштарга жолугасыз.

 

Таарынышып кеткен туугандар менен жарашасыз.

 

Ден-соолук. Июль айында энергетикаңыз анчалык жогору эмес. Андыктан өзүңүздү кыйнабай эркин алып жүрүңүз. Кино көрүңүз, китеп окуңуз жана албетте уйкуну жакшы уктаңыз.

 

 

 

Жанар Кадыралиев

Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити