Бишкек ЖЭБиндеги насосторду алмаштырууга 100 миллион сомдон ашуун каражат коротулаарын мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды. 

 

Анда айтылгандай, "Электрдик станциялар" ААКсы турбиналык цехтеги насосту алмаштырууга 101 миллион 436, 7 миң сом бөлдү. ААК насосторду алмаштырууну бир жыл мурунку аварияга байланыштырбай, жөн гана алмаштыруу мөөнөтү келип калгандыгынан зарылчылдык жаралганын белгиледи. 

 

2018-жылдын январь айында Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Кийинчерээк, себептери чечмелегенде так ушул насостордун бири суунун жетиштүү өлчөмүн бербей калгандыктан, башка жабдыктарды жарака кеткени айтылган.