Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда.
Бүгүн, 4-июлда, Мамлекет башчысы бир күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды.
Иш сапардын алкагында Президент Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерине барат.