Баткен районунун Ак-Сай айылында Тажикстандын жараны Кыргызстандын жаранын сабап салган.
Мамлекеттик чегара кызматынын маалыматына караганда, окуя 3-июлда болгон. Газөткөрүү станциясы айылдын чыга бериш жеринде жайгашкан. Тажикстандын жараны станциянын ээсине тажикстандыктарга газ сатпоо талабын койгон. Жөн гана койбой, Кыргызстандын 56 жаштагы жараны, станциясынын ээси Ж.Ж.нын башын жарып, өзүн ачуулуу кармаган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ал эми күч көрсөткөн адам Исфара району тарапка житип жоголгон. Бул сабоого жооп иретинде Ак-Сай айылынын тургундары Исфара-Ворух унаа жолун тосушкан. Бирок, ошол эле күнү кечинде жол кайра ачылган.
Кыргызстандын Баткен аймагы боюнча черага өкүлдөрүнүн жана Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чегара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.