Бүгүн мурдагы элчи Кылычбек Султанов УКМКга кайрадан суракка чакырылды. Ага караштуу "Супер" сайты менен "Супер инфо" гезитинин эмгек жамааты УКМКнын имаратынын алдында топтолуп турушат. 

 

Кечээ Кылычбек Султанов УКМКга сурак берип чыккан. Беш саатка созулган суракта күбө катары өткөнүн айтып, сырды жарыя кылбоо тил кат бергендиктен, сөз эмне тууралуу болгонун жашыруун кармаган. 

 

Болгону, бул таза саясий иш экенин белгилеген. "Бул чыныгы саясий иш экенин гана айта алам. Коркутуп, үркүтмөй, ооз жапмайга аракет. Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барып келгенимдин эртеси повестка алдым. Мен ал жакка позициямды билдирип, ал киши менен учурашып келүүгө баргам. Жеке пикир, позиция үчүн куугунтук болбошу керек", - деди мурдагы элчи. 

 

Ал кечээ соцтармактагы баракчасына беш саат сурак берген убагында кабатырланган тарапташтарына ыраазычылык билдирип: 

 

"Эртең да сурак берем. Сөз менен колдоо көрсөткөн адамдарды көзүм менен көрүүгө кубанычтамын", - деп жазган.