Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Ш. ЖЭЭНБЕКОВго.

 

Кыргыз Республикасынын

Башкы прокурору

Ө. ЖАМШИТОВго.

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министри

К. ЖУНУШАЛИЕВге.

 

Бардык массалык маалымат каражаттарына.

 

Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисиндеги

55-үйүнүн 48-батиринин жашоочусу. Тел: 0773 182 185

Илясбек Камаловдон

 

К А   Й   Р   Ы   Л   У  У

 

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Башкы прокурор жана министр!

 

Сиздерге Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү өздөрүнүн мыйзамдуу милдеттерин аткарууда бир тарапка жан тартуу, кайдыгерлик жана арыз-даттанууга жүр-нары мамиле кылууну практикалап жатышканы тууралуу расмий билдириа коюуну жана Сиздерден жардам сурап кайрылууну туура көрдүм. Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө өзүм билемдик, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарына кыянаттык кылуу фактылары аз эмес. Төмөнкү мисал алардын бирөө гана.

 

Көйгөйдүн келип чыгышынын таржымалы кыскача төмөнкүдөй. Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы жашаган, азыркы учурда Россия Федерациясынын жараны Бахтияр Юнусалиевден Сузак районунун Таш-Булак айылынын тургуну Бахтияр Саттаров ири өлчөмдө карыз алган. Бирок, кийин ал алган карызын төлөй албай калып, ортодогу маселени Сузак райондук соту чечкен. Сот аткаруучулар карыздын эсебинен Саттаровдун үйүн Юнусалиевге өткөрүп беришет. 

 

Б. Юнусалиев өз кезегинде үйдү өз атына документтештирип алып, 2014-жылы 17-октябрда ал үйдү мага саткан. Бирок, ал кезде үйдүн мурдагы ээси Саттаровдун үй-бүлөсү бул үйдөн чыга элек экен. Мен үйдү сатып алган соң, алар үйдөн ыкпайбыз деген каршылыктарын көрсөтүштү. Мен арга жок Сузак райондук сотуна кайрылып, 2015-жылы 15-июнда менин пайдама соттук чечим чыккан. Анан 2016-жылы июлда сот аткаруучулар үйдөн мыйзамсыз ээлеп отурган мурдагы ээлерин мажбурлап чыгарышты. Саттаров 2017-жылы Юнусалиевдин үстүнөн карыз тууралуу сотко берген, бирок сот Саттаровдун арызын канааттандырбай, тескерисинче карыз өлчөмүн көбөйтүп, аны төлөп берүүгө милдеттендирген.

 

Бирок, маселе ушуну менен эле бүтүп калган жок, 2016-жылы декабрда үйдүн мурдагы ээсинин үй-бүлө мүчөсү Саттарова Розахан үйдү мыйзамсыз ээлеп, кирип алган. Бирок, мен милициянын участкалык инспекторуна кайрылган соң, ал мыйзамсыз ээлеп алган адамды үйдөн чыгарган. Ошого карабастан, 2017-жылы 28-февралда Саттаровдун үй-бүлөсү бул үйгө мыйзамсыз бастырып киришип, толугу менен ээлеп отуруп алышкан. Эки күн бою алар менен бир сөзгө келүүгө мүмкүн болбой, акыры Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө бөтөн адамдар үйдү каалганы сындырып кирүү менен мыйзамсыз ээлеп алгандыгы, тууралуу арыз менен кайрылууга мажбур болдум. Милиция органы аракетин баштады, участкалык инспектор, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү барса, үйдү мыйзамсыз ээлеп алгандар оозго алгыс создөр менен согүп, баш ийбей, баарын короодон айдап чыгышкан. Ушундай аракет баш-алты жолу кайталанды, бирок мыйзамсыз ээлеп алгандар мыйзамдуу бийлик органдарынын мыйзамдуу аракеттерине каршылык көрсөтүшүп, майнап чыккан жок.

 

Үйдү ээлеп алгандардын мызамсыз аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн менин арызымды сегиз жолу тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришти. Тергөөчү үйдү мыйзамсыз ээлеп алгандык, өз билемдик үчүн Саттаровго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы кылмыш ишин козгоосу керек эле. Бирок, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү сегиз жолу эч бир негизсиз эле бул факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Сегиз жолу прокуратура органдары тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартакан токтомун бузуп, кайра тергөөгө жөнөткөн, бирок андан да майнап чыкпады.

 

Акыркы жолу 2019-жылы прокуратура бул ишти жоруктар боюнча реестрге каттап, райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. Сузак райондук прокурорунун орун басары М. Тажибаев 2019-жылдын 22-майында жөнөткөн катында менин прокуратурага берген арызым каралып чыгып, факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 03-143-2019-000026 саны менен катталганын, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдарын активдештирип, күнөлүүлөрдү аныктагандан соң өңдүрүш ишин сотко жиберүү боюнча жазуу түрүндө милиция органына көрсөтмө берилгенин билдирген.

 

Бирок, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору Т. Барбуев 2019-жылдын 10-июнь күнү кайра эле сотко чейинки жазык өндүрүш ишин өндүрүштөн кыскартуу тууралуу токтомун чыгарды.

 

Ошентип, тергөөчү эч бир негизсиз эле жазык ишин өндүрүштөн кыскартып, мыйзамдуу кызыкчылыктары жабырланган жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүүдөн баш тартууда. Ошонун кесепетинен азыркы учурда мен ак ниет сатып алуучу катары сатып алган үйүмдү Саттаров өз үй-бүлөсү менен мыйзамсыз басып, ээлеп, бошотуудан баш тартып, келатат. Бирок, райондук милиция болсо, бул мыйзамсыздыкка чекит коюу, мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча өз милдетин аткарбай жатат. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын жараны катары мен жабырланып жатам.

 

Кошумчалай кетчү нерсе, бир апта мурун Сузак райондук прокуратурасы биздин арыз боюнча тергөөчүнүн токтомун кайрадан тогузунчу жолу бузуп, кайра тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жөнөттү. Бирок, эми Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматындагылар бул ишти кайрадан өндүрүштөн кыскартабы же кылмыш ишин козгоп, мыйзамдуулукту камсыз кылуу аракетин көрүшөбүз, азырынча белгисиз. 

 

Сиздерден ушул фактыга көңүл бурууну, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн, андагы тергөөчү Т. Барбуевдин аракетсиздигине баа берүүнү, теске салууну жана жаран катары мен дуушар болгон абалга мыйзамдуу чекит коюуну, тергөө кызматынын ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну суранам.

 

Сиздерди урматтоо жана жардам күтүү менен,

 

Илясбек Камалов,

Жалал-Абад шаарынын тургуну.