Бишкекте ЦУМдун жанында Нигериянын жаранын белгисиз бирөө сабап кеткен. Улуттук госпиталдан билдиришкендей, кечээ кечинде чет өлкөлүк ооруканага оор абалда жеткирилген. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Мекеменин директорунун орун басары Тилек Уразалиевдин айтымында, чет өлкөлүк комада. 

 

2-июлда ЦУМдун жанында чет өлкөлүктү белгисиз бирөө муштаган. Ал жыгылып кетип кара кушу менен жерге катуу түшкөн да эсин жоготкон. Аны Улуттук госпиталга жеткиришкен. 

 

Бишкек ШИИБи жабырлануучунун Нигериянын жараны экенин билдиришти. КР Кылмыш жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине факт катталды. Шектүү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.