Мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова Тышкы иштер министрлигинин Коомдук Кеңешине төрайым болуп шайланганын аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда,  кечээ, 2-июлда Тышкы иштер министрлигинин Коомдук Кеңешине жетекчи шайлоо боюнча жыйын өткөн. Анда  Коомдук Кеңештин төрайымдыгына Ишенгүл Болжурова жана жооптуу катчылыгына Уран Ахметов бир добуштан шайланды.