Өткөндө дүйнөлүк деңгээлдеги  ШКУ саммитинин алдында борбордун көчөлөрүн бир топ эле оңдоп, шыбагы урап түшкөн тосмолорду мрамор менен чаптап чыкты. Президенттер өтүүчү трассалардын боюндагы жепирейген үйлөргө кызгылтым материал жаап, жогорку даражалуу коноктордун көзүн боёгондой иш жасады. Анысына деле шаардыктар “Курман ыраазы” деп кала бердик.

 

Ал эми азыркы мээ кайнаткан жайдын ысыгында “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар көчөлөрүн саат сайын жууп турууну чечти.

 

“Учурда ар бирине 8 тоннадан суу баткан 8 суу чачып-жуучу унаалар иштеп жатат. Азыр Абдрахманов, Чүй,​ Шопоков, Ибраимов,​ Фрунзе, Москва, Токтогул,​ Киев көчөлөрүнө суу чачылып жатат. Шаардын башка көчөлөрү дагы мындай “сергитүүчү” душ алдында жуулат”,-деп билдиришти мэриядан.

 

Ошондой эле, ишкана калаа көчөлөрүн түнү менен жууп чыгуу иштерин улантып жатканы айтылат. Бул ишке бардыгы 11 атайын техника тартылып, 70тен ашык каттам жасап жатышат.

 

Көчөлөрдү жуу иши түнкү саат  2:00-3:00тө башталып, таңкы 7:00гө чейин уланууда. 

 

“Москва деле бир күндө курулган эмес”,- демекчи, ушинтип, аз-аздан болсо да иштей берсе, мэрди эл өзү эле көтөрүп, шаардыктардын жүрүш-туруш маданияты да оңолуп, тазалык, тартипке өз салымдарын кошо беришет эле.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити