Бул аныктамага ар бир сотко иши түшкөн же аларды жакындан көрүп-билген адам ойлонбой туруп макул болот. Ошол эле сотторду көзөмөлдөгөн Соттор кеңешинин  маалыматы боюнча, тартип комиссиясына 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын июнь айына чейин судьялардын үстүнөн эки миңден ашуун даттануу келип түшкөн.

 

Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, 159 судья гана тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын алтоосу кызматынан бошотулган, 11ине сөгүш жарыяланган, 31ине сын пикир берилген жана 103 судья эскертүү алган.

 

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү 8 судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдугун беришкен.

 

Тартип комиссиясы судьяларга даректелген 1,5 миң датанууну тийиштүү карабастан эле кайра артка жөнөткөн. Бул арыздануучулар өз кайрылууларын туура эмес түзгөндүгүнө байланыштуу болгон.

 

“Жарандар негизинен сот актыларын [кароо өтүнүчү менен] кайрылышат. Бирок тартип комитетинин актыларды кароого укугу жок. Ошондуктан комитеттин компетенциясына кирбеген арыздар кайтарылат”,- деп түшүндүрүштү Соттор кеңешинин басма сөз кызматынан.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков экинчи жыл катары менен судьяларды сынга алууда. 2018-жылы президент көпчүлүк соттор процесстерди “атайылап” созуп, мындан улам жарандар көп убакыт бою адилеттүлүккө жетише албай жатышат деп айткан болчу.

 

Президент ошондой эле  сот системасы ага кеткен чыгашалардын көбөйүшүн актабай жатат деп билдирген.

Бирок сот системасына кеткен чыгымдар жыл сайын өсүүдө. Мисалы, 2014-жылы чыгымдар 724 млн сомду түзсө, 2019-жылы 2 млрд 154 млн сом болгон. Кыргызстанда болгону 440тан ашуун судья бар.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити