Акыркы убактарда Кыргызстандын аймагында интернет тармагында, анын ичинде facebook, whatsapp аркылуу белгисиз атуулдар тарабынан аймактар аралык жаңжалды козутуу максатын көздөгөн аудио жазуулар таркатылып кеткен.
Буга байланыштуу Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар Жалал-Абад облусунун шаар жана райондорундагы жума намазы окулган жана жамааты көп мечиттерде айтылуучу баян учурунда жергиликтүү тургундарга бул багыттагы маалыматтарды жеткиришип, аймактарга бөлүнбөө, улуттар аралык мамилени чыңдоо жана башка ар кандай чагымчыл күчтөргө азгырылбоо менен провокацияларга алдырбоого чакырышууда.
Ошондой эле, улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн атуулдар, ар кандай чагымчыл видеолорду таратышып, өлкө аймагында туруксуздукту көздөгөндөр - Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертишти.