Көкөмерен дарыясына кулаган автоунаадагы адамдардын экөөсүнүн сөөгү Жайыл районунан табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, туугандарынын айтымында, автоунаада беш адам болгон. Үч эркек, бир аял жана бир кичинекей кыз.
Автоунаа менен кошо дарыяга аккан адамдарды табууга 98 куткаруучу тартылган. Кечээ кечинде айдоочу менен 59 жаштагы А.М.дин сөөгү табылды. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Издөө иштери бүгүн да уланууда.
Автоунаада өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жубайы, небереси менен болгон.