Президенттин соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манас Арабаев Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу КТРКнын иликтөөсүндө айтылды.

 

Манас Арабаевдин көрсөтмөсүнө караганда, мурдагы президенттин жубайы БЛС курулуш компаниясынын иши боюнча сот процессине кийлигишкен. Аталган компания “Синхуа” тоо-кен эл аралык уюмуна таандык.

 

Анын айтымында, 2016-жылы Раиса Атамбаева БЛС компаниясынын иши каралып жаткан учурда жолугушууга бир нече жолу аракет кылган. Ага Атамбаеванын уулу Раис жана башка бир катар адамдар да катышкан. Алар шаардык сотто каралып жаткан иштин чечилишине жардам берүүсүн өтүнүшкөн. Ошондой эле, Атамбаеванын Арабаевге телефон чалгандарын анын телефондук сүйлөшүүлөрүнүн табуляциясын алуу менен ынанса болоорун да белгилеген. Мурдагы  канайым Арабаев менен жолугушуу алдында кайра-кайра смс жазып, жолугушууга мажбур кылганын да билдирген.

 

“Раиса Атамбаев Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасы Элвира Жаркееванын да таламын талашкан. Ага тийишпе деп өтүнгөн. Анын атынан БЛС курулуш компаниясынын иши боюнча жолугушууга Бектурсун Айталиев деген келчү. Ал бир жолугушууда мени ачык эле коркуткан”, - деп билдирген Арабаев.

 

Айрым маалыматтарга караганда, Арабаев айткан Айталиев аттуу адам мурдагы канайымдын туугандарынын кудасы.

 

 Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркеева кылмыштуу топ менен макулдашууга барган деп айыпталган. Бир ЖЧКнын карамагындагы мүлкүн алуу үчүн бир катар мыйзамсыз чечим чыгарганы айтылган.