Экс-депутат Өмүрбек Бабановдун эжеси Бакен Бабанова видео кайрылуу жолдоду. Анда, Атамбаевдин элдик штабында "Мен Бабановдун эжеси болом", - деп жүргөн аялдын аларга эч кандай тууганчылыгы жоктугун билдирди.
Сурия Кадырова аттуу аял өзүн экс-депутаттын эжеси экенин айткан. Бакен Бабанова ал аялдын эмне себептен Бабановдун атын сатып жатканын түшүнбөгөнүн билдирип, аны менен жакын арада байланышып такташаарын белгилеген. Ошондой эле Бакен Бабанова Сурия Кадырова Бабановдордун үй-бүлөсүнөн кечирим суроого тийиш деген пикирде.