Жабырлануучулар менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, жогоруда көрсөтүлгөн аял байланыштары бар экендигин айтып, кызыккан тарапты пансионаттардагы жетектөөчүлүк кызмат орундарына дайындоо үчүн өзүнүн кызматтарын сунуштаган. Ошол эле учурда ал талап кылган акча каражаты курорттук аймактагы санаторийдин директорунун ордун элөөгө жардам бере тургандыгын билдирип келген. Шектүүнүн бул сунушу көптөгөн ишенчээк адамдардын тилин таап, курорттун директору болуп иштөөгө умтулгандар көп болуп чыккан.
2019-жылдын июнь айынын аягында Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБге кырк жаштагы М. аттуу аял киши кайрылып, 2019-жылдын февраль айында тааныш аял алдоо жолу менен ишенимге кирип, 28 000 АКШ долларын ээлеп алган соң айткан сөзүн аткарбай койгондугун билдирген. Арызда көрсөтүлгөндөй, алдамчылык менен алектенген аял өзүнүн жогору жактагы кызмат адамдар менен тааныш экендигин жана жабырлануучуну беделдүү санаторийге директор кылып дайындоого жардам бере тургандыгын айткан. Аталган факты КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.
Андан сырткары, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБге арыз менен элүү жаштагы С. аттуу аял киши кайрылып, алдоо жолу менен 30 000 АКШ долларын ээлеп алган чала тааныш аялга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аныкталгандай, шектүү ишенимге кирип, жогорку жактагы кызмат адамдарынын арасында тааныштары бар экендигин айтып мактанган жана ири санаторийлердин бирине директор кылып дайындоого сөз берген. Акча каражатын алган соң ал белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Экинчи арыз ушул жылдын июнь айында КЖБРге катталып, Биринчимай РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө. Жакында, тергөө тапшырмасынын негизинде ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда алдамчылык иш-аракеттери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган Ош облусунун 1970-жылы туулган К.Г. аттуу жаран (аял киши) кармалды. Кармалган жаран тергөө кызматына жеткирилип, ошол эле күнү Бишкек ШИИББдин УКЖга киргизилди. Соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы каралды. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүүдө.