Бишкектеги Жал кичи районундагы эки жаш баланын сабалышы боюнча шектүү кармалганын Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мурда жоруктар боюнча козголгон иш кылмыш ишине өзгөртүлдү. Ал жоруктар жана кылмыштардын Бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси боюнча каттоого алынды.
Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А. Б. кармалган. Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 1-абакка 10 күнгө кармоого чечим чыгарган.