Орус жергиликтүү басылмалардагы маалыматтарга караганда, 28-июнда Ленинград облусунун Выбогорский районунун борборунда курулуп жаткан имараттан кулап кыргызстандык жаран каза тапкан.
Полициянын маалыматына караганда, маркум 22 жашта болгон. Алган жараатынан тез жардам унаасы келгиче эле окуя болгон жерде каза тапкан.
Маркум Санкт-Петербург шаарында убактылуу каттоого турган жана жумушка орношууга уруксат кагазын алган. Учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенүүдө.