Бишкектеги Жогорку соттун имаратынын алдында профсоюздар Федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылган каршылык акциясы өтүүдө. Ал жерде ар кандай жазуулар бар плакаттарды кармаган төрт аял отурушат жана кургак ачкачылык жарыялашканын билдиришти.
Алардын айтымында, мындай кадамга башка арга калбаганынан барышты.
"Мирбек Асанакунов курулуш компаниясында иштегенин айтып жүрөт. Бирок, ал резюмесинде көрсөткөн жылдары атаган фирма болгон эмес. Жарандык тартипте проюсоюздун мүчөлөрү аны сотко бергенбиз. Биринчи май райондук сот аны легитимдүү жетекчи эмес деген чечим чыгарган, соттун чечимине ылайык, Асанакунов кызматты мыйзамсыз ээлеп турат. Экинчи инстанция да бул чечимди колдогон. Эмгек стажындагы жасалма факт дагы тастыкталган", - деген акциянын катышуучуларынын бири федерациянын уставы боюнча беш жылдан кем эмес эмгек стажы бар адам гана аталган кызматты жетектей алат. Ал эми эмгек стажы беш жылдан аздар жада калса профсоюздун төрагалыгына талапкер да болууга укуктуу эмес.
Алар белгилегенлей, жарандык иш учурда Жогорку сотто каралууда, бирок процесс создуктурулуп жатат. Ага Мирбек Асанакуновдун жубайы, парламент депутаты Гүлкан Молдобекова тоскоол болуп жатканын айтышты.
Акциянын катышуучулары ушуну менен 34 каршылык акциясын өткөрүшкөнүн белгилешти. Ошондой эле бул ирет да иш кайра биринчи инстанцияга жиберилип, иш кайрадан кайталанса, алар Жогорку соттун төрагасынын отставкасын талап кылышаарын билдиришти.