
Өткөн жумада жалпы депутаттар эс алууга чыгышты. Учурда алардын ар бири аймактарды кыдырып жатышат. Депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына алдыдагы эки айды кандай өткөрөрүн жазып өткөн.
«Шаарда кайнап жүргөндөрдүн арасында кондиционер менен кучакташып жүрөмүн, урматтуу достор.
Депутаттар каникулга чыгып, элди да, өкмөттү да өзүбүздөн эс алдырып жаткан кез. Бизге «жакшы эс алып келгиле» деген сөздүн котормосу - 2 ай округдарыңарды кыдырып, кулак-мээлери тынчысынчы деп, парламенттен узаткан жерлери.
Эл менен жолугушайлы десек, айыл-өкмөт, акимдер, губернаторлор жакпаган сөздөр менен чоңдорду таарынтпайын деп, чогулушка «чоочундарды» чакырышпайт дегенди көп угамым. Ошондуктан алдын ала бара турган жерлердин тизмелерин илгенибиз туура деп эсептеймин», - деп жазган депутат.