Мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө бүгүн да тарапташтары келишти. Бирок, кечээиге караганда бир топ аз санда. Боз үй тигилген жерде бир нече адам күнү-түнү кетпей, мурдагы президентти кайтарууга алышууда.
Түшкү тамак учурунда сабиз кыркылып, палоо демделди. Бүгүн кечинде Атамбаев элге чыгаары белгилүү болду. КСДПчылардын айтымында, ал өзүн кайтарган адамдарга күн сайын чыгып сүйлөшүп турат.
Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча атайын комиссия түзгөн. Комиссия ага алты айып тагып, корутундусун Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура алты айыптын бешөөсүнөн оор кылмыштын белгилерин тапкан. Жыйынтыгында, парламентте добушка коюлуп, 103 депутаттын макулдугу менен Атамбаевдин кол тийбестик макамы алынган.