Кыргызстандын жараны Россиянын чек арасынан мыйзамсыз түрдө өтүп Сахалинге келген. Бул тууралуу облустук  прокуратуранын пресс-кызматына шилтеме берүү менен россиялык ММКлар  маалымдашты.

 

Маалым болгондой, мындан мурун миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн жаран соттун чечими менен Россиянын аймагынан чыгарылган.

«Россиядан  кеткенден кийин ал Кыргыз Республикасынын компетенттүү  органдарынан өзгөртүлгөн өздүк маалымат менен жаңы сырт паспортун жасаткан . Андан соң жаран  Россиянын чек арасынан мыйзамсыз кесип өтүп Сахалинге келген. Аралда аны Сахалин облустук к Россиянын Чек ара башкаруу оперативдик кызматы кармап алган »,-деп айтылат билдирүүдө.

 

Жаран 4 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.