"Өнүгүү стратегиясына ылайык, Кыргызстандын калкы толугу менен таза суу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, азыркы учурда өлкө аймагындагы 584 айыл тургундары таза суу тартыштыгы бар. Мындай көйгөйдү чечүү максатында быйыл бюджеттен 200 млн сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 млн сом бөлүнөт", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊештин жыйынында.
Вице-премьер таза суу көйгөйүн чечүү жаатында бир катар эл аралык каржы уюмдары каржылык көмөк көрсөтүп келатканын баса белгиледи.
«Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы сындуу эл аралык каржы уюмдары калкты таза суу менен камсыз кылуу багытындагы бир топ долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө. Эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын бир бөлүгү - гранттык жардамдар. Биздин Өкмөт дагы бул багытта жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржы карап келет», - деди Кубатбек Боронов.
Талкууда айрым депутаттар өлкө аймактарындагы айылдарда көйгөйгө айланып жаткан таза суу менен камсыздоо маселеси качан чечилип башталаарын, кайсы эл аралык уюм же банктар тарабынан каржыланаарын такташты. Депутат Төрөбай Зулпукаров чек арага танапташ айылдардын таза суу көйгөйүн ыкчамдатып чечип берүү керектигин баса белгиледи.
Депутат Нурбек Алимбеков пландалып жаткан Суу чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик түзүү маселесине кызыкты. Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов сууларды үнөмдүү, туура пайдалану, керектөөчүлөргө сууну үзгүлтүксүз жеткирүүгө жетишүү максатында жогорудагыдай агенттик түзүү мерчемделип жаткандыгын айтты. Бир катар эл өкүлдөрү таза суу жоктугунан айрым айылдарда ден соолугунан жабыркагандар арбып бараткандыгынан коӊгуроо кагышты.