Эсептөө палатасынын ишинин ачык-айкындуулугун, парламенттин алдында отчеттуулугун арттыруу максатында, ага тийиштүү мыйзамга бир катар жаӊы ченемдер депутаттар тарабынан сунушталды. Сунуштардын бири - Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу боюнча ченем.
Депутат Кубанычбек Нурматовдун айтымында, аудиторлордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү парламенттин чакырылышынын мөөнөтү дал келбегендиктен, оппозициянын өз укуктарынан толук пайдаланышына кедергисин тийгизет.
«Баш мыйзамдын талабына ылайык, Эсептөө палатасынын аудиторлор курамынын бир бөлүгү президент, бир бөлүгү парламенттик көпчүлүк, дагы бир бөлүгү парламенттик азчылык тарабынан сунушталат. Мындай ченем оппозициянын мамлекеттик аудиттин жогорку органын түзүүдөгү ролун жогорулатууга багытталган. Бирок, аудиторлордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү парламенттин чакырылышынын мөөнөтү дал келбегендиктен, оппозициянын өз укуктарынан толук пайдаланышына кедергисин тийгизет. Ошондуктан, аудиторлордун мөөнөтүн узартуу зарыл», - деди ал.
Андан тышкары, сунушталган мыйзам долбоорунун башкы максаты «КР Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамдын айрым жоболорун КР Конституциясы менен КР Бюджеттик кодексинин жоболоруна шайкеш келтирүү болуп санала турганы айкын болду.
«Мисалы, мыйзамдан бюджеттен тышкаркы каражаттар, атайын каражаттар жөнүндө ченемдер алынып салынды. Анткени, жаӊы Бюджеттик кодекстин жоболоруна ылайык, республикалык бюджеттин акча фонду толугу менен мамлекеттик каржы катары таанылып, ичара бөлүп-жарууга жол бербейт», - деди баяндамачы.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин демилгеси менен «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өттү. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.