Жайыл аймактык төрөт үйүнө 25-июнда, саат 21:22де 38 жумалык кош бойлуулуктагы аял жеткирилген. Аталган медициналык мекеменин маалыматына караганда, кош бойлуу аял 3-даражадагы семиздик менен жабыркаган.
Биринчи убакта эле төрөт кыйынчылыкка кабылган. Экинчи убакта аялга толгоону тездетүү үчүн окситоцин сайылган. Аял 4 кг 200 грамм салмактагы уул бала төрөгөн. Бирок, бала киндигине оролуп чыккан. Дарыгерлер балага жандандыруу чараларын жасашып, андан кийин интенсивдүү терапия бөлүмүнө которушкан. Баланын башы чоң болгон жана ал оор абалда төрөлгөн.
Балага азырынча коюлган диагноз - асфиксия. Так диагноз жакын арада аныкталат.