Мурдагы президенттин Кой-Таш айылындагы үйүнө тарапташтары чогула баштады. Ал жерде түзүлгөн Элдик штабдын билдирүүсүнө караганда, Атамбаевдин мамлекет тарабынан камсыздалган эки жансакчысы алынды. Учурда мурдагы президенттин үйүнө 200 чакты тарапташтары келгени айтылууда.
Бирок, УКМК мамлекеттик кайтаруу алынбаганын жарыялады.
Ошол эле убакта Аламүдүн дарыясынын берки өйүзүнө эки автобус келгени жана анда укук коргоо кызматкерлери болушу мүмкүн божомол да бүгүн айтылды. Автобустар кайра кетишти.