Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди дагы деле УКМКнын Тогузунчу кызматынын кызматкерлери кайтарууга алышууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

 

Эске салсак, буга дейре мурдагы президенттен мамлекеттик кайтаруу алынганы тууралуу маалымат жарыяланган. Аны Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов жазган. УКМК андай маалыматтарды төгүндөдү. Анда айтылгандай, бүгүн эртең менен кайтаруучулар нөөмөт алмашышкан. 

 

"Балким, нөөмөт алмашуудан улам жогорудагыдай маалымат чыкса керек. Зарылчылык жаралса, кайтаруу күчөтүлөт", - деп билдирди УКМК.