Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын өкүлү Самаев Урматбек Орозбекович депутаттардын 86 добушу менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы – депутат Наталья Никитенко («Ата Мекен» фракциясы).
Урмат Самаев "Чемпион" каймана атына ээ экендиги айтылып жүрөт. Ушул жылдын январь айында Токмок шаарында "Токмок - автоунаа" өткөрмө пунктунда атышуу болгон. Анын катышуучуларынын бири парламент депутатынын тууганы болуп чыккан, атышууну чыгарган эки адам тең алган жараатынан ооруканага жаткырылган. Экинчи катышуучу депутат Урмат Самаев окуя болгон жерге келип, тергөөгө басым жасоого аракеттенгенин билдирген.
Ошондой эле аталган шаардын шаардык кеңешинин депутат Сулейман Лажаров дагы депутат ага келип, кол салып, коркутуп мандатын тапшыруусун талап кылганын айтып чыккан.