Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Асель Кодуранова башпрокурорго нааразы болду, анткени, анын оюнча Жамшитов Атамбаевди чакырышы керек эле. Башпрокурордун айтымында, Атамбаевдин экс-презденттик статусу болгондуктан, аны чакырууга мыйзам жол бербейт.
Депутат Талант Мамытов комиссиянын жыйынында Атамбаев келиши керек деген жыйынтыкка келишкенин эске салды.
"Азыр деле чечим кабыл алынганга чейин биз анын да үнүн укканга даярбыз. Бирок, Атамбаев негедир чакыруу албадым деп айтууда", - деди ал.
Кодуранова ошону менен жөн калбады. Чакыруу чындап эле экс-президентке жетпегенин белгилеп: "Майрамдарда расмий чакыруу жөнөткөндү унутпайсыңар, а бул маселеде болсо унутуп калдыңар", - деди.