Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Токторов экс-президенттин Россиянын президентине Батукаевди экстрадациялоо өтүнүчү менен кайрылганына ишене албай турганын билдирди.
Эске салсак, Атамбаев билдирүүсүндө Батукаевдин чыгарылышына эч кандай катыштыгы жоктугун белгилеп, аны кайра экстрадациялоону суранып Россиянын президентине кайрылганын да айткан.
Депутат башпрокурордон Атамбаев чын эле Россия президентине кайрылса, ал кайрылуунун көчүрмөсүн табууга болоор-болбосун сурады.
Башпрокурор учурда тергөө жүрүп жаткандыктан бул суроого так жооп бере албашын айтты.