Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов парламент жыйынында депутаттардын экс-президент Атамбаевге жапкан айыптоолору боюнча маалымат берип жатып, ал турмак мыйзамдагы уурунун өзү Азиз Батукаев да каршы көрсөтмө бере баштаганын айткан. 

 

"Ал Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатат жана аны кантип бошотушканын айтып берди", - деген. 

 

Бирок, андан көп өтпөй башпрокурор айтканын кайра артка алды. Көрсө, жаңылып сүйлөп алыптыр. Көрсөтмөнү Атаханов берген. 

 

"Мен Атахановдун көрсөтмөсүнүн көчүрмөсүн көрсөтөм дегем, бирок адашып Батукаев деп алдым", деди Жамшитов.