Депутаттар көтөргөн айыптоолор тууралуу башпрокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берди. Бүгүн парламент экс-президент Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселесин күн тартибине коюшту. 

 

Башпрокурордун айтымында, Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө Кой-Таштагы жер тилкесин сатып алганы боюнча иш иликтенип жатат. Ошондой эле мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча оор кылмыштын курамы табылды. 

 

"Батукаевдин чыгарылышы бекер болбогонун айтышууда. Сөзүм куру бекер болбосун үчүн Азиз Батукаевдин көрсөтмөсүнүн көчүрмөсү бардыгын айтам. Ал Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатат, кантип чыгарганын айтып берди", - деди Жамшитов.