2019-жылдын беш айында коррупциялык кылмыштар өлкөгө 70 миллион 963 миң 125 сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Замирбек Бейшекеев билдирди. 

 

Маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында жоруктардын жана кылмыштардын Бирдиктүү реестрине 3 131 коррупциялык кылмыштар катталган. 

 

Коррупциялык жана кызматтык кылмыштардын көп бөлүгү прокуратура кызматында катталган - 1 миң 254, ИИМде 16 кылмыш, УКМКда 25, ал Финполдо 87. Бул кылмыштар жогоруда аталгандай 70 миллион 963 миң 125 сом зыян келтирип, анын 8 миллион 773 миң 597 сому мамлекеттик казынага кайтарылды.